super.kg logo

Сочиде мүрзөдө жүргөн кызды зордуктап өлтүрүүгө шектелген кыргызстандык 19 жылга кесилди

 

Орусияда адам өлтүрүүгө шектелип кармалган Кыргыз жараны 19 жылга эркинен ажыратылды. Маалымат Краснодар аймактык сотунун расмий сайтына жарыяланды.

Б.Ж аттуу кыргызстандык жаранга карата соттук отурум кечээ, 26-июлда Краснодар аймактык сотунда болуп өткөн. Анда ал "зордуктоо", "сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо", "адам өлтүрүү" жана "уурулук" беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 19 жылга эркинен ажыратылган.

Маалыматка караганда Б.Ж катышкан кылмыш иши 2022-жылдын 20-август күнү болгон. Анда Сочи шаардык мүрзөсүнүн аймагында жүргөн шектүүгө белгисиз кыз кайрылып, чоң энесинин мүрзөсүн табууга жардам берүүсүн суранган. Кыз аны мүрзө кызматкери деп ойлогон. Ал кыздын суранычын аткарып, аны туугандары коюлган мүрзөгө чейин коштоп барган. Андан соң кызга кол салып, зордуктап, кийин муунтуп өлтүргөн. Шектүү кызга таандык буюмдарды, анын ичинен банктык картасын алып кеткен. Сот айыпталуучунун кылмыш жасоо учурунда мас абалда болгонун билдирген.

Соттук отурумда ал күнөөсүн мойнуна алып, кыздын апасынан кечирим сураган. Ал 19 жылдын 6 жылын абакта, калган 13 жылын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өткөрөт. Сот ошондой эле айыпталуучуну 60 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендиргени маалымдалды.

Аталган окуя боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине байланышканыбызда азырынча териштирүү жүрүп, маалымат такталып жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.07.2023. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
К. Т экен го пи. Р
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: