super.kg logo

Чолпон-Атадагы кырсык: 16 жаштагы скутердин айдоочусу мыйзамдуу өкүлүнө өткөрүлдү

 

Чолпон-Атада 2 адамдын өлүмүнө себепкер болгон скутердин айдоочусунун бөгөт чарасы каралды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

"Жашы жете элек айыпталуучу бөгөт коюу чарасы катары 2 айлык мөөнөткө, тактап айтканда 2023-жылдын 26-сентябрына чейин мыйзамдуу өкүлүнө өткөрүлүп берилди. Айыпталуучунун жашы жете электигин, туруктуу жашаган жери, өздүгүн тастыктоочу документи бардыгын, жасаган кылмышы этиятсыздыктан жасалган кылмыштардын катарына кирерин жана жабырлануучулар айыптоодон баш тартышканын эске алуу менен айыпталуучу К.А ны камакка алуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартылды", - дешти мекемеден.

Эске салсак, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунган. Натыйжада 3 адам оор жаракат алып, экөөсү ооруканада көз жумса, бирөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Кечээ, 26-июлда Саламаттыкты сактоо министрлиги аман калган кыздын абалы туруктуу экендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: