super.kg logo

Үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин соту жылдырылды (видео)

 

Бишкектеги үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин соттук отуруму 3-августка жылдырылды. Буга күбөлөрдүн келбегендиги себеп болду.

Бүгүн, 27-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту 5-кичи райондогу үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин карамак. Шектүү сотко конвойлордун коштоосунда алынып келди.

Белгилүү болгондой, кечээ, 26-июлда Октябрь райондук соту 5-кичи райондогу үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин караган. Сотто маркумдун апасы көрсөтмө берип, ал шектүү Чыңгыз Аширалиевди тааный турганын, аны менен маркум кызынын мамилеси тууралуу билгенин айткан.

Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой шектүү Ч.А. кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: