Астанада автобустун айдоочусу рулда бара жаткан жеринен каза болду
Коңшу Казакстандын Астана шаарында автобус айдоочусу рулда бара жаткан жеринен эс-учун жоготуп, каза болду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 27-июль күнү саат 10:20лар чамасында болгон. Анда Богенбай батыр көчөсүндө бара жаткан автобустун айдоочусу эс-учун жоготкон. Мындан улам автобус мамыны сүзүп, андан кийин жөө адамдар өтүүчү жолго чыгып токтогон.
Автобустун 1961-жылы туулган айдоочусу ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон.
Өлүмдүн алдын ала себеби - жүрөктүн токтошу. Жүргүнчүлөрдү ташуудагы айдоочунун тажрыйбасы - 15 жылдан ашык.
Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:58
2026-02-18
12:04
2026-02-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















