super.kg logo

Путин Африка өлкөлөрүндө орус тилдүү мектептерди ачууну сунуштады

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Африка мамлекеттеринде орус тилинде билим берүүчү мектептерди ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-июлда Орусия-Африка экономикалык жана гуманитардык форумунда сөз сүйлөп жатып билдиргенин Известия басылмасы жазды.

Орус лидеринин пикиринде орус тилин үйрөнүү Орусия жана Африка мамлекеттери арасындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салым кошот.

"Келерки жылы Эл аралык орус тили уюму өз ишин баштайт. Бул уюмда орус тилин колдонууну каалагандар, орус маданиятына кызыккандардын баарына эшик ачык. Биз африкалык өнөктөштөрүбүздү бул ишке кошулууга чакырабыз. Африканын 28 өлкөсүндө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, башталгыч класстардын жана орто мектептердин мугалимдерин, тарбиячыларын окутуу борборлорун түзүү долбоору ишке ашырыла баштады. Муну менен биз африкалык студенттерди Орусиянын педагогикалык окуу жайларына кабыл алууну көбөйтүүнү пландап жатабыз", - деп билдирген Путин.

Ал ошондой эле Орусия, Африка өлкөлөрүнүн жогорку жана орто билим берүү тармагын өнүктүрүүгө ар дайым жардам көрсөтөрүн белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: