super.kg logo
  Саясат  

СПИД борбору Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында калмай болду

 

Кан аркылуу таралган вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору (мурдагы "Республикалык СПИД борбору") Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында калат. Мындай чечим бүгүн, 27-июлда жыйында кабыл алынганын министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

"Министрлик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан киргизилген жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтарды натыйжалуулукка жана жакшыртууга багытталган демилгелерди ачык түрдө биргеликте кароого жана талкуулоого дайыма мүмкүнчүлүк берет жана кубаттайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 7-июлда өкмөт Саламаттык сактоо министрлигинин “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесин “Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту” деп атын өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган. Андан кийин Кан аркылуу таралган вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору жаңы негизделген Коомдук саламаттык сактоо институтуна кошулары айтылган жана буга байланыштуу кайчы пикир жаралган.

21-июлда ВИЧке жана гепатитке чалдыккан бейтаптардын өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигинин алдына нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар мындай реформа жүргүзүүдө министрлик бейтаптардын пикирин эске албай калганын айтып, “борбор институтка өтсө, ВИЧке жана гепатитке каршы бөлүнүүчү каражат чачырап кетет” деген пикирин билдиришкен.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: