super.kg logo

Алматыда өз жанын кыйган кыргызстандык келиндин окуясы: Тышкы иштер министрлиги үн катты

 

Алматыда балдарынын көзүнчө өз жанын кыйган аялдын иши Казакстандын ички иштер министрлигинин жетекчисинин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Министрлик каза болгон Казакстан жараны (Ош облусунда туулган) Б.к.А аттуу жарандын туугандарына тиешелүү консулдук-укуктук жана консультативдик жардам көрсөтүлүп жаткандыгын билдирди.

Ошондой эле, Казакстандын мамлекеттик органдары жана кыргыз диаспоралык биримдиктери менен биргеликте маркумдун сөөгүн кичи мекенине чыгарып кетүүгө көмөктөшүлгөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Казакстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Эске салсак, бул окуя Алматынын Мамыр конушунда 20-июлда кечинде болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, аял үйүнүн кире беришиндеги турникке асынып алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: