super.kg logo

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды

 

Казакстандын аймагында Кыргызстанга кире албай жаткан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-июль күнү кечки саат 22:50 чамасында кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек-автожол", "Чоң-Капка-автожол", "Чалдыбар-автожол" жана "Акжол-автожол" көзөмөл өткөрүү пункттарында Кыргызстанга кире албай жаткан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралган. Буга мамлекеттик салык кызматына таандык “Жыйынды посту” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун (АМТ) ишиндеги мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылды.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБке мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга ташылып келген товарларды каттоого алуу үчүн жогорудагы автоматташтырылган маалыматтык тутумду колдонот.

Учурда УКМКнын Чек ара кызматына тиешелүү Тышкы миграцияны эсепке алуу бирдиктүү тутуму штаттык режимде иш алып барып жатканы айтылды. Ал эми кезек күткөн айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: