super.kg logo

Жеңиш чокусуна кеткен альпинисттер 9 күндөн бери дайынсыз болууда

 

13-июлда Жеңиш чокусун багындырууга кеткен 4 альпинист 19 -июлдан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу альпинисттердин достору социалдык тармактарда жазышууда.

Маалым болгондой, альпинисттик топто орусиялык Дмитрий Павленко менен жубайы Светлана жана чет өлкөдөн келген эки турист болгон. Алар чокуга 6 күн бою чыгышкан.

Альпинисттер акыркы жолу 19-июль күнү саат 23:00дө 7400 метр бийиктиктен байланышып, каттам боюнча кайра түшө баштаганын билдиришкен.

Alpagama cайтынын маалыматына ылайык, катышуучулардын биринин трекери боюнча Павленконун группасы 6200 метрге чейин түшкөн.

"Бул жерде алар узак убакыт турушкан. Андан кийин трекер альпинисттер дароо 5170 метрге чейин түшкөнүн көрсөткөн. Божомолдорго караганда, алар кулап кеткен болушу мүмкүн. Жоголгондорду тик учак менен издөө натыйжа берген эмес. Алар каза болгон болушу мүмкүн", - деп жазган Alpagama сайты.

Ал эми окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганыбызда, аларга жоголгондор боюнча билдирүү түшпөгөнүн жана альпинисттер жеке туристтик компания менен келишим түзүп кеткенин кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: