Ак-Ордодогу кырсык: Ооруканадагылардын бүгүнкү күнгө карата абалы белгилүү болду
Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда болгон жол кырсыгынан жабыркагандардын төртөө ооруканада дарылануусун улантып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында башкы дарыгердин орун басары Илимбек Манапов SUPER.KG порталына билдирди.
Маалымдалгандай, жол кырсыктан кесепетинен жараат алган 4 кишинин абалы туруктуу.
"Учурда ооруканага түшкөндөрдөн төртөө дарыланып жатат. Анын үчөө башынан жараат алса, бирөөсүнүн кабыргасы сынган. Абалдары туруктуу, баары дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Жол кырсыгынан жабыркап, биздин ооруканада жаткан бир аял киши 3 күндөн кийин каза болгон", - деп билдирди Манапов.
Эске салсак, 19-июлда эртең менен Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда оор жүк ташуучу автоунаа маршрутканы коюп кеткен видео социалдык тармактарга жарыяланган. Кадрдан жүргүнчү алып жаткан №169 каттамдагы маршрутканы SCANIA үлгүсүндөгү унаа артынан сүзгөнүн көрүүгө болот.
Кийинчерээк Чүй милициясы дагы маалымат таратып, окуя Сокулук районуна карштуу Ак-Ордо-3 конушунда болгонун, Мерседес Бенц үлгүсүндөгү 169-кичи автобусту SCАNIA R-124 үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу машина сүзгөнүн, анын 32 жаштагы айдоочусу кармалганын билдирген.
Саламаттык сактоо министрлиги бул кырсыкта 23 адам жараат алганын, алардын 12си ооруканга жеткирилип, төрт жүргүнчү жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдирген.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

