Ысык-Көлдөгү кырсык: Аттракцион иштеткендер текшерилип, лицензиясы жокторго чара көрүлүүдө



Ысык-Көлдөгү 2 адамдын өлүмүнөн кийин ведомстволор аралык жумушчу топ 200дөн ашык курорттук ден соолукту чыңдоочу мекемелердин ишин текшерип чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-июлда болуп өткөн кырсыктан кийин ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ӨКМнын башкармалыгынын, облустук милициянын жана башка кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.
Учурда жумушчу топ тарабынан 229 курорттук ден соолукту чыңдоочу мекеме, 1096 жеке сектор, суу транспортторун иштеткен 29 мекеме жана аттракцион иштеткен 5 адам текшерилди. Анда суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн тараптардын лицензиялары, кеме айдоочулардын аттестациядан өткөндүгү, кеме токтоочу жайлардын талапка жооп бериши жана суу аттракциондорунун техникалык коопсуздугу каралды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 29 эреже бузуу фактысы аныкталып, чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга материалдар жөнөтүлгөнү айтылды. Жумушчу топ текшерүү ишин мындан ары да улантары белгиленди.
Эске салсак, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунган. Натыйжада 3 адам оор жаракат алып, экөөсү ооруканада көз жумса, бирөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

