super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш 2014-жылдын бюджет долбоорунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитти

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 12-декабрда “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун киреше бөлүгү каралды. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, 2014-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 401 миллиард сом болуп, өсүү темпи 6,9 пайызды түзөт.

Бюджеттин киреше бөлүгү гранттарды кошо алганда болжол менен 92 миллиард 918 миллион 1 миң сомду же ички дүң продукциянын 23,2 пайызын түзөт. Ал эми 2014-жылдагы чыгаша бөлүгү 110 миллиард 842 миллион 5 миң сом болору болжолдонууда же ички дүң продукциянын 27,6 пайызын түзөт. Бюджет дефицити 17 миллиард 924 миллион 4 миң сом өлчөмүндө болору болжолдонууда.

Талкуу жүрүшүндө жаңы бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана анын чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, кошумча киреше булактарын караштыруу, бюджет дефицитин кыскартуу жолдорун издөө тууралуу пикирлер айтылды.  Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынып, анын негизги көрсөткүчтөрү бекитилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: