Украиналык спортчу атаандашы менен кол алышпай койгондуктан дүйнө чемпиондугунан четтетилди
Фехтование боюнча Олимпиада чемпиону, украиналык спортчу Ольга Харлан орусиялык атаандашы менен кол алышуудан баш тартканы үчүн дүйнө чемпиондугунан четтетилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Ольга Харлан Италияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинин 1/32 баскычында орусиялык Анна Смирнова менен кез келген. Беттеш 15-7 эсебинде украиналык спортчу айымдын жеңиши менен аяктаган. Оюндан кийин Харлан атаандашы менен кол алышуудан баш тартып, ага колундагы саблясын гана сунуп, килемден чыгып кеткен.
Эл аралык фехтование федерациясынын эрежесине ылайык, спорттун бул түрүндө беттештен кийин атаандаштардын кол алышуусу шарт. Эгер ал аткарылбаса беттеш аяктаган жок деп эсептелинет. Мындан улам федерация украиналык спортчуну мелдештен четтетип, анын кийинки баскычтагы атаандашы Йоана Илиевага автоматтык түрдө жеңишти берүү чечимин кабыл алганы белгилүү болду.
Ольга Харлан социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Украинага коркунуч жараткан мамлекет спортко да коркунуч жаратарын айткан.
"Ал менен кол алышкым келген жок. Мен жүрөгүмдү угуп кадам жасадым. Бирок мени мелдештен четтетүү чечими абдан өкүндүрдү", - деген ал.
Анна Смирнова Ольга Харланды 50 мүнөткө жакын килемде күтүп отурган.
Украинанын спорт министри Вадим Гуцайт орусиялык спортчуну атайылап провакация жаратты деп айыптады.
"Ал биздин спортчунун жанына келди. Кол алышкысы келбей турганын билип туруп атайылап кол сунуп, провакация жаратты. Ал федерациянын эрежесин билгени үчүн эл алдында атайын ушундай кырдаал уюштурду", - деп билдирген министр.
Ал ошондой эле аравиялык спортчу айымдар да диний эрежелерге байланыштуу кол алышпай турганын, федерация аларга уруксат берерин, бирок ошого эле окшош абал үчүн Харланды мелдештен четтетип койгонун адилетсиз чечим деп баалаган.
Белгилей кетсек, 32 жаштагы Ольга Харлан фехтование боюнча Дүйнөнүн 6 жолку, Европанын 8 жолку чемпиону. Пекин Олимпиадасынын жеңүүчүсү. Мындан тышкары Лондон Олимпиадасында коло медаль тагынса, Рио-де-Жанейро Олимпиадасында күмүш байгеге ээ болгон.
видео
