Бишкекте Көк-Жар конушунун Молдокулов көчөсүндө 280 орундуу бала бакчанын курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу. Имараттын жалпы аянты - 2927 чарчы метр. Ал эми жердин аянты - 0,8 гектар.
"Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда бала бакчанын 1-кабатынын каркасы толук бүттү. 2-кабаттын колонналарынын монолити даярдалууда. 1-кабаттын ички жана тышкы дубалдарын кыш менен тургузуу иштери башталды.
Бишкекте 280 орундуу бала бакчанын курулуш иштери уланууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.