super.kg logo

Алайдагы "Иркештам" өткөрмө пункту модернизацияланат (фото)

 

Бүгүн, 28-июлда президент Садыр Жапаров Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Алай районундагы Түштүк-Батыш бажысынын "Иркештам" автомобилдик өткөрмө пунктунун (АӨП) иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мамлекет башчы 1-октябрга чейин анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече эсе көбөйтүү үчүн аймакты толугу менен модернизациялоо, кеңейтүү, кошумча тилкелерди куруу жана "Иркештам" АӨПтүн бажы инфраструктурасын шайкеш келтирүү тапшырмасын берген жана ага кошумча каражат бөлүнө турганын билдирген.

Белгилей кетсек, "Иркештам" АӨПтүн колдонуудагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил унааларды түзөт. Бирок бүгүнкү күндө пункт аркылуу эки тарапка 300дөн ашык унаага карата бажы операциялары жүргүзүлүп, бул чек ара аймагында унаа тыгыны жана кезек күтүүгө себеп болууда.

"Иркештам" АӨПтү модернизациялоо пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн күнүнө 1000 унаага чейин жогорулатат, ошондой эле көмүр ташыган жүк ташуучу унаалардан жолду бошотот, анткени катуу отун Кыргызстандын бажы кампасынан Кытайга ленталык конвейер аркылуу жеткириле баштайт"-деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: