super.kg logo

Өлкөдө 6 ай ичинде 24 миңден ашык кылмыш иши козголду

 

Өлкөдө 2023-жылдын башынан бери укук коргоо органдары тарабынан жалпы 24 миң 492 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында белгилүү болду.

Маалымдалгандай, жыл башынан бери ички иштер органдары тарабынан 24 миң 492 кылмыш иштери козголуп, жалпы 93, 8 пайызды түздү.

Анда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов ички иштер органдары өлкөнүн бардык аймактарында жалпы элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарып жаткандыгын белгиледи.

Башкы прокуратуранын статистикалык маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери жалпы укук коргоо органдары тарабынан 24 миң 492 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен, 22 миң 988 кылмыш иштери ички иштер органдары тарабынан козголуп, жалпы кылмыштардын 93,8 пайызын түздү. Ички иштер органдары тарабынан быйылкы жылы козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн кылмыштардын бетин ачуунун пайыздык көрсөткүчү 58,9 пайызды түздү”, - деди Бийбосунов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: