Бишкекте Байтик Баатыр көчөсүндөгү мыйзамсыз салынган объекттер буздурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында жана Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевдин катышуусунда Октябрь районунун аймагындагы эскиздик долбоорлорго туура келбеген кире бериш топтору алынууда. Ошондой эле уруксатсыз кошумча курулган курулуштар да буздурулууда.

Ага ылайык, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыктын, Октябрь акимчилигинин, "Бишкек башкы архитектура" МИнин, МАБ жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барылып жатат.

"Кулатов көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинен баштап М.Горький көчөсүнө чейин жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн 20 бастырма буздурулду. Ошондой эле жарнамалык конструкциялар да алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин мыйзамсыз орнотулган объектилердин ээлери өз ыктыяры менен алышат. Буга чейин да башкармалык муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскерткен.