13-декабрда 2014-жылга республикалык бюджет долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

Жогорку Кеңеште эртең, 13-декабрда “КРнын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015 - 2016-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өтөт. Муну парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Ага ЖКнын депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана башкалар катышат.
Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште 2014-жылдын бюджет долбоорунун негизги көрсөткүчтөрү бекитилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

