super.kg logo

Ниязбеков ИИМде көрмөксөн, билмексен болуп отура берген жетекчилер бар экенин айтты

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 28-июлда министрликтин коллегиясында кээ бир кызматкерлери "ИИМде сен мага тийбе, мен сага тийбейм" деп шалаакылык кылып жатканын белгилеп өттү.

"Кемчиликтер ачык көрүнүп турса деле көрмөксөн-билмексен болуп, бир дагы жетекчиге тартиптик чара көргөн жоксуздар. Жоопкерчиликти моюнга алуудан качып, "эч кимге жаман көрүнбөйүн" деген позицияга өтүп алгансыздар. Пара алуу, бирөөнү калкалоо, жеке кызыкчылыгы үчүн иштөө, бейбаштык, тартип бузуу, баңгизатын колдонуу жана башка бир катар чектен ашкан орой мыйзам бузуу өздүк курам арасында болуп турса деле "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" деген мамиле менен жүргөндөр да бар. Мындайларга биздин арабызда орун жок", - деди министр.

Ошондой эле министр Ниязбеков ички эрежелерди бекем сактоо максатында "Тартиптик уставга" жаңы талаптарды киргизүүнү сунуштаганын белгиледи. Ага ылайык, эгерде кызматкер же анын жетекчиси тартип жана мыйзам бузууга барса, ээлеген кызматынан бошотуунун ордуна атайын наамы бир баскычка төмөндөтүлөт. Ага карабай дагы мыйзам бузса ички иштер органдарынын катарынан чыгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: