super.kg logo

"Жеңиш" чокусунда дайынсыз болгон альпинисттерди издөөгө куткаруучулар тартылды

 

"Жеңиш" чокусун багындыруу үчүн чыгып, дайынсыз болуп жаткан альпинисттерди издөөгө куткаруучулар тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, "Жеңиш" чокусун багындыруу үчүн чыгып, дайынсыз болуп жаткан 4 альпинистти издөө үчүн бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Эдельвейс” тоодон куткаруу кошуунунун 7 куткаруучусу, министрликтин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 16 куткаруучу тартылды.

Ага ылайык, издөө ишин жүргүзүү боюнча расмий кайрылуу 27-июлда Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен келип түшкөн. 4 альпинисттин үчөө – Д.П., С.П., Н.Д. аттуу Орусиянын жарандары, төртүнчүсү Литва өлкөсүнүн жараны.

"Альпинисттер Кыргызстандагы “Аксай-Тревел” туристтик компаниясы менен келишим түзүп, камсыздандыруу менен 11-июлда Ысык-Көл облусундагы лагерге жайгашышкан. Ошол эле күнү алар Жеңиш чокусуна жол тартышып, 19-июлда акыркы жолу 6 миң 900 метр бийиктиктен байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июлда спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген координат келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, алынган координаттын негизинде “Аксай-Тревел” компаниясы 24-26-июль күндөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес. Ал эми ӨКМнын куткаруучулары чокуга чыгууда кар көчкү түшүү коркунучун жана башка кооптуу шарттарды эске алып, эрежелерди тыкыр сактоо менен издөө ишин жүгүзүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: