Нарында 800дөн кем эмес жаңы жумуш орундары түзүлөт
Ушул жылдын аягына чейин Нарын облусунун аймагында 800дөн кем эмес жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул тууралуу облустук коллегияда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди.
Маалыматка ылайык, Солтон-Сары алтын кенинин ишке кириши менен 314 адам жумуш менен камсыз болду. Анын 216сы жергиликтүү тургундар.
Белгилей кетсек, “Куланак” ГЭСинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Кочкор районундагы “Ренессанс” бут кийим фабрикасы, Жумгал районундагы “Жумгалсуу курулуш” ишканасы, Нарын кирпич заводу ишке кирди.
Учурда аталган ишканалардын ачылышына байланыштуу жаңы жумуш орундары түзүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.