Садыр Жапаров Ош облусунда УКМКнын жаңы имаратын ачты (сүрөт)
















Өлкө башчы Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө оор кырдаал күчөп, анын кесепеттери мамлекеттер үчүн, анын ичинде улуттук коопсуздук маселелеринде жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды жаратканын белгиледи. Президент буга байланыштуу тармактык органдардын кызматкерлерине карата талаптар да өсүп жатканын, алардын иши саясий жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү, аймактык бүтүндүктү сактоо жана бул багыттагы иш-чараларды күчөтүү боюнча милдеттер менен көбөйгөнүн кошумчалады.
"УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын эски имараты 1979-жылы курулуп, анда мезгил-мезгили менен пландуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келген. Башкармалыктын кызматкерлеринин ишине заманга ылайык шарттарды түзүп берүү максатында өткөн жылы 2 836 чарчы метрди түзгөн 3 жаңы имарат курулуп баштаган. Бүгүнкү күндө объекттердин курулушу аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга берилип жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

