super.kg logo

Сокулукта өтүп бара жаткан жарандарга кол салган топ балдардын алтоо кармалды

 

Сокулук районунда топ балдар жарандарды себепсиз сабаган. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-июлга караган түнү Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылында топ балдар жолдо бараткан бир нече жаранды эч себепсиз сабап, эки унаага зыян келтиргендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Сокулук райондук милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Учурда бул окуяга тиешеси бар адамдардын бардыгы аныкталып, алты адам Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кошумча маалымат берилерин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин топ балдар көчөдөн өтүп бара жаткан жаранга союл менен кол салган учурдун видеосу тараган. Анда капарсыз кетип бараткан кишини таякчан, беттерин жаап алган балдардын бири колундагы таяк менен шилтеп калганын, бирок беркинин качып кутулганын көрүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: