super.kg logo
  Саясат  

Ипотекага берилчү үйлөрдү курууга 100 миллион доллар жумшалат. Жапаров мыйзамга кол койду

 

Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун бүгүн, 29-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Кредиттик макулдашууда “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган Кыргызстандын жарандарына турак жай куруу үчүн 100 миллион доллар өлчөмүндөгү финансылык каражаттарды тартуу каралган.

Сауд өнүктүрүү фондунун каражаты Финансы министрлигине которулат. Ишти Экономика жана коммерция министрлиги аткарат. Ал эми “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (мындан ары – “МИК” ААК) долбоорду ишке ашыруучу агенттик катары болот.

МИК” ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп саналат, жер участоктору менен камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын алкагында Кыргызстандын жарандарына кийин сатып алуу менен ижарага берүү үчүн жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Ошол эле учурда ижаралык турак жай алуучулар ай сайын ижараны төлөө жана турак жайды сатып алуу боюнча төлөөлөрдү жүргүзөт. Зайымчылардан алынган каражаттарды “МИК” ААК Сауд өнүктүрүү фондунун кредитин төлөөгө жумшайт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам 29-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: