super.kg logo

Ысык-Көлгө саркынды суу куюлуп жатат деген маалымат боюнча териштирүү башталды 

 

Ысык-Көл облустук милициясы эс алуу жайларынын биринде көлгө саркынды суу куюлуп жатат деген маалымат боюнча териштирүү иштерин баштады.

Маалыматка караганда, териштирүүнүн жүрүшүндө бул окуя Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан "Акун" эс алуу жайында орун алганы аныкталды. Эс алуу жайынын администрациясы берген көргөзмөсүндө алардын аймагында эс алуучулар үчүн аквапарк орун алганын билдирген.

"Аквапарка суу көлдөн куюлуп, бир күндөн кийин кайра төгүлүп, циркуляция иретинде жүргүзүлөрүн, ошондой эле эч бир химиялык заттар кошулбарын белгилешти.Териштирүү иштерин толук жана ар тараптуу жүргүзүү максатында, Ысык-Көл РИИБи тарабынан көлгө экологиялык зыян келтирилгенби же жокпу аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик мекемелерге жолдомолор жиберилди", - деп айтылат маалыматта.

Аталган мамлекеттик мекемелердин берген жыйынтыгы боюнча, аталган фактыга Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берилери кошумчаланды.

Белгилей кетсек, 29-июлда социалдык тармактарда эс алуу жайларынын биринде көлгө саркынды суу куюлуп жаткандыгы айтылган видео тараган.






Видео интернеттен алынды

Видео интернеттен алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: