super.kg logo

31-июлга карата аба ырайы

 

31-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,

Талас жергесинде түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Нарын дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30,

Бишкекте түнкүсүн +21…+23, күндүз +35…+37 градус болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: