Ысык-Көлдө "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдун 4 мүчөсү уюмдан баш тартты
Ысык-Көлдө "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 4 мүчөсү уюмдан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.
"Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, ушул жылдын 13-июлунда сот тарабынан тыюу салынган аталган ДЭУнун жактоочулары – Т.У.Т., С.С.Б., К.Т.К. жана Т.А.А., өзүлөрүнүн мурда тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алдырбоого чакырышты", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.