super.kg logo

Роналду менен Мессинин социалдык тармактан канча каражат таба турганы белгилүү болду

 

Эң көп каражат тапкан блогерлердин тизмесинде биринчиликти “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду ээледи. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, футболчу Инстаграмдагы бир жарнамалык посту үчүн 2,2 миллион евро табат. Ал мындай көрсөткүчү менен америкалык модель Кайли Женнерди ашып өткөн. Себеби Женнер социалдык тармактагы бир билдирүүсү үчүн 1,7 миллион еврого жакын акча алат.

Бул көрсөткүч боюнча алдыңкы үчтүктү жакында гана "Интер Майамиге" өткөн аргентиналык чабуулчу Лионель Месси да толуктады. Ал билдирүүсү үчүн 1,52 миллион евро талап кылары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Роналду Сауд Арабия чемпионатында алты айдан бери ойноп, лигадагы эң көп маяна алган оюнчулардын да сап башында жайгашкан. “Аль-Наср” менен түзүлгөн келишимге ылайык, футболчу жылына 200 миллион евро алат. Келишимде футболчунун үй-бүлөсү үчүн бонустар да жазылган. Атактуу футболчунун Инстаграм баракчасында 598 миллион катталуучусу бар.

Ал эми Лионель Месси июлда "Интер Майамиге" эркин агент катары өткөн. Акыркы эки жылда аргентиналык чабуулчу франциялык "Пари Сен-Жермен" клубунун атынан оюн талаасына чыккан. Мессинин социалдык тармактагы баракчасына 480 миллион катталуучу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: