super.kg logo

Пригожин "Вагнерге" жалданма аскерлерди кабыл алуу токтогонун билдирди

 

"Вагнер" аскердик жеке компаниясынын лидери Евгений Пригожин жалданма аскерлерди кабыл алуу токтогонун билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда аталган компаниянын телеграм каналында жарыяланды.

Анда "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин жаңы жалданма аскерлерди ишке тартууну токтоткондугун билдирген.

"Учурда ишке кабыл алуу борборлорунун качан ачыла турганы азырынча аныктала элек. Кадрлардын жетишсиздигине дуушар болбогондон кийин, биз жаңы комплексти ишке ашырууну пландаган жокпуз" - деп айткан Пригожин.

Ошондой эле Пригожин "Вагнер" Африкада жана Беларустагы “окуу борборлорунда” ишин улантып жатканын айтып, компаниянын жалданма аскерлеринин көбү азыр эс алууда экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин "Вагнер" аскердик компаниясы жалданма аскерлерди кабыл алуу боюнча аймактык борборлордун ишин белгисиз мөөнөткө токтотуп жатканы тууралуу аталган түзүмдү жумушка орношуу жарнактарын жайгаштырган телеграм канал кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: