Кандын рагына кабылган 36 жаштагы Азамат операция жасатууга муктаж. Анын жакындары элден жардам сурайт
Нарын районунун Казан-Куйган айылынын 33 жаштагы тургуну Азамат Бейшебай уулу тез арада операция жасатууга муктаж. Анын таякеси Кубанычбек Жумаев Азаматтын дарылануусуна каражат жетпей жатканын айтып, кайрымдуу элден жардам сурады.
Анын айтымында, учурда Азамат Түркияда дарыланууда.
"Азаматка курч лимфобластикалык "лейкоз" деген диагноз коюлган. Биздин ооруканалар Түркияга дарыланганы баргыла деген, 4 айдан бери ошо жакта.
Буга чейин 30 миң доллардай топтогонбуз. Туугандарыбыз донор болуу үчүн Астанага барып кан тапшырып келишкен. Ошого эле 10 миң доллардай кетип калды. Германиядан донор табылды. Эми 40 миң доллар керек болуп жатат. Кайрымдуу элден жардам сураганга муктажбыз.
Азаматыбыз жакында эле үйлөнгөн, буюрса балалуу болоюн деп жатат", - деди Жумаев.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Элкарт: 9417089068267724
Мбанк: 0 500 196 226
Оптима: 4169585358304458
Сбербанк: 4276380124437463
О-деньги: 0 500 196 226
РСК банк: 47241440336158296
кошулду

