super.kg logo
  Спорт  

Болгариялык балбан күтүүсүздөн Акжол Махмудовго чакыруу таштады

 

Болгариялык балбан Айк Мнацаканян Владикавказда өткөн "Поддубный лигасында" жеңишке жеткенден кийин күтүүсүздөн кыргыз балбаны Акжол Махмудовго чакыруу таштады.

Айк Мнацаканян "Поддубный лигасында" орусиялык Сергей Степановду жеңди. Беттештен кийин ал кыргыз балбаны Акжол Махмудовго чакыруу таштады.

"Акжол Махмудовду беттешке чакыргым келет. Анын күйөрмандары ал мени «оңой эле жеңип алат» деп ойлошот. Мени менен күрөшүү бир дагы балбанга оңойго турбайт. Менин мүнөзүм бар. Мен акыркы секунддарга чейин күрөшөм. Эч качан багынып бербейм", - деди Мнацаканян.

Акжол Махмудов Айк Мнацаканян менен алгач 2021-жылдын февраль айында Киев шаарында өткөн украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин квалификациялык баскычында кез келип, 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.

2022-жылы эки балбан Болгариядагы "Dan Kolov-Nikola Petrov" рейтингдик мелдешинде кез келип, анда Айк Мнацаканян Махмудовду 4:2 эсебинде утуп алган.

Күрөш учурунда болгариялык балбан өзүн агрессивдүү көрсөтүп, Акжол Махмудовго карата бир нече ирет эреже бузган. Ал тургай кыргыз калыстары тарабынан ыргытылган челленжди дагы тээп жиберген.

Жыйынтыгында Акжол Махмудов 4:2 эсебинде утулуп, күрөш федерациясы бул боюнча Бириккен күрөш уюмуна даттанган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: