Жети-Өгүздө дайынсыз болуп жаткан чабандын жансыз денеси табылды
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда дайынсыз болуп жаткан чабандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-июлда саат 11:30 чамасында Сөөк ашуусундагы Тарагай суусунун жээгинен жоголгон чабандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин Жети-Өгүздүн Сырт өрөөнүнүн Кум-Бел жайытында 1956-жылы туулган С.Б. аттуу чабан 25-июлдан бери дайынсыз болуп жаткандыгы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.