Мамлекеттик имараттардын ижарасынан 9 айда бюджетке 24 миллион 600 миң сом түшкөн
2013-жылдын 9 ай ичинде мамлекеттик
имараттардын ижарасынан бюджетке 24 миллион 600 миң сом каражат түшкөн. Бул
тууралуу 12-декабрда парламенттин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2013-жылга
республикалык бюджети жана 2014 - 2015-жылдарга карата болжолдор” тууралуу
мыйзам долбоорун карап жаткан учурда Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Айбек
Осмоналиев билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анын
айтымында, 9 ай ичинде 60 миң чарчы метр имарат ижарага берилген. "Мамлекеттик
имараттардын 1 чарчы метринин эң төмөнкү баасы 55 сом, ал эми эң жогорку баасы
190 сом",- деди ал.
Депутат Дамира Ниязалиева шаардын борборундагы мамлекеттик
имараттардын 1 чарчы метри болгону 1 долларга берилип жатканын айтып сынга
алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

