super.kg logo

Аутизм боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы китептердин авторлоруна ыраазычылык кат тапшырылды (сүрөт)

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аутизм тууралуу кыргыз тилиндеги алгачкы китептердин авторлору менен жолугушуп, ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда аталган мекемеден билдиришти.

Маалымдалгандай, 24-июлда Бишкекте Сент Жонс университетинин студенти, 21 жаштагы Зейнеп Ибрагим кызынын кыргыз жана англис тилиндеги балдар үчүн “Өзгөчө бөбөгүм”, журналист Бактыгүл Чыныбаеванын чоңдорго арналган “Аутизм менен жашоо” деген аталыштагы китептин бет ачары болуп өткөн.

Ага ылайык, акыйкатчы жана китептин авторлору аутизм менен ооруган балдардын укуктарын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн талкуулашты.

Бактыгүл Чыныбаева китепти жазууга эмне түрткү болгонун айтып берди.

"Кыргызстанда аутизми бар балдардын ата-энелери күн сайын баланын ар бир жылмаюсу, ар бир кыймылы үчүн күрөшүп келет. Ошол эле маалда алар аталган көйгөй менен жалгыз бетме-бет калышат. Мамлекет буга катышпайт. Өлкөдө аутизми бар балдар үчүн мамлекеттик борборлор жок. Мындай балдардын ата-энеси жалгыз бир менчик борборго кайрылышат жана албетте ага көбүнүн чөнтөгүндөгү каражаты туура келбейт. Биз алгачкы жолу балабыздын диагнозу тууралуу билген кезде чет өлкөдө болчубуз. Бизге адистер келишип, мени менен иш алып барышты. Өнүккөн өлкөлөрдө диагнозду аныктоодо так алгоритмдер мурдатан эле бар. Биринчи кезекте аутизми бар балдардын ата-энелерине көмөк жана колдоо көрсөтүшөт, мындай диагноздогу бала кантип өсүп чоңоёру дал ушул ата-эненин маалымат алуусунан башталат. Биз мекенибизге кайтып келген кезде өлкөдө бул багытта жагдай оор экенин жана эч ким көмөк бербесин түшүндүм. Ата-энелер өз күчү менен кээ бир мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө аракет кылышат. Бирок мамлекет тараптан колдоо керек. Ал эми бизде ал жок", - деди Чыныбаева.

Жамиля Жаманбаева балдардын укуктарын коргоого кошкон салымдары үчүн авторлорго ыраазычылык кат тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: