super.kg logo

  iPhone 15 уюлдук телефонунда кандай өзгөрүүлөр боло турганы айтылды

 

Apple компаниясынын iPhone 15 моделиндеги уюлдук телефону тууралуу айрым маалыматтар айтылды. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, жыл сайын сентябрь айында жаңы моделдеги уюлдук телефонун чыгарган Apple компаниясы бул ирет Apple Watch Ultra үстүндө иштеп жатат.

Басылманын маалыматына караганда, жаңы iPhone 15 моделинин экранынын айланасындагы чектин өлчөмү 2,2 миллиметрден 1,5 миллиметрге чейин кыскарат. Ал эми Apple iPad жана Apple Watch экранынын өлчөмүн кеңейтүү үчүн каптал тарабы кичирейтилет. Ошондой эле iPhone 15 Pro жана iPhone 15 Pro Max жаңы дисплей технологиясы менен сатыкка чыгары күтүлүүдө.

Мындан сырткары буга чейин Apple компаниясынын уюлдук телефондорунун кырлары болоттон жасалса, жаңы моделдин кырлары титандан жасалган корпуска ээ болот. Ал эми заряддоо порту USB-C менен алмаштырылат.

Ошондой эле iPhone 15 моделинин линзалары жаңыртылып, өткөн жылы чыккан iPhone 14 моделдеги A16 процессорунун ордуна 3 нанометрдик чипке өтүшү мүмкүн.

Адистер iPhone 15 моделинин титандан жасалган корпуска ээ болушу жана камерасынын дагы жакшыртылышы уюлдук телефондун баасынын кымбатташына алып келерин айтышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: