super.kg logo

Окуучуларды 1-класска электрондук каттоо 31-августта аяктайт

 

Окуучуларды биринчи класска электрондук каттоо 31-августта аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, мектепке электрондук каттоо 31-августка чейин жүргүзүлөт. Ал эми мектепке жана бала бакчага балдарды электрондук каттоо аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 30-июлуна чейин 1-класска 110 миң 81 бала кабыл алынган. Алардын ичинен 2 миң 440 бала жеңилдик менен катталган.

Министрликтин маалыматына караганда, бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 59 пайызын түзөт. Дагы 75 миң 965 бош орун бар. Кабыл алынган окуучулардын саны боюнча:

Бишкек шаарында – 16 миң 376 бала (анын ичинен 681 бала жеңилдик менен),

Жалал-Абад облусунда – 20 миң 416 (анын 412си жеңилдик менен),

Чүй облусунда – 17 миң 173 (анын 347си жеңилдик менен),

Ош облусунда – 21 миң 70 (анын 313ү жеңилдик менен),

Ысык-Көл облусунда – 8 миң 531 (анын 111и жеңилдик менен),

Баткен облусунда – 10 миң 723 (анын 205и жеңилдик менен),

Талас облусунда – 4 миң 631 (анын 93ү жеңилдик менен),

Нарын облусунда – 4 миң 973 (анын 80и жеңилдик менен),

Ош шаарында – 6 миң 188 (анын 198и жеңилдик менен) кабыл алынган.

Белгилей кетсек, окуучуларды биринчи класска электрондук каттоо үчүн https://mektep.edu.gov.kg/ шилтемесин колдонуу кажет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: