super.kg logo

Швецияда кайрадан Куран китеби өрттөлдү (видео) 

 

Кечээ, 31-июлда Швециянын борбору Стокгольмдогу Минтторгет аянтында кайрадан Куран китеби өрттөлдү. Бул тууралуу The Local басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Куран китебин ирактык Салван Момика менен Салван Нажем өрттөгөн. Алар алгач китепти тээп, барактарын өрттөшкөн. Андан соң алар Курандын дагы бир нускасын тытып, таштанды салынуучу урнага ыргытышкан.

Ал эми Стокгольм полициясынын өкүлү Матс Эрикссон иш-чара коомдук тартипти бузбастан өткөндүгүн билдирген.

Белгилей кетсек, Швецияда ыйык китептерди басмырлоого каршы эч кандай мыйзам жок. Полиция кызматы мындай акциялар чоң башаламандыкка алып келбесе уруксат берет.

Салван Момика ушундай эле акцияны 28-июнда, тагыраагы Курман айт майрамында шаардык полициянын уруксаты менен Стокгольмдогу мечиттин жанында уюштурган. Анда Куран китебинин өрттөлүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге 200дөн ашуун адам көргөн. Митингден кийинки күнү жүздөн ашуун ирактык демонстранттар Швециянын Багдаддагы элчилигинин алдына чогулуп, нааразычылык иретинде Швециянын элчиси Жессика Свардстремди өлкөдөн чыгарууну талап кылышкан.

20-июлда Салван Момика менен Салван Нажем Стокгольмдогу Ирак элчилигинин алдында Куран китебин тебелешсе, 25-июлда "Даниялык патриоттор" радикалдык тобу Копенгагенде Куран китебин өрттөгөн экинчи акцияны уюштурушкан.






Швецияда кайрадан Куран китеби өрттөлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.08.2023. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силерди Аллах таала өртөсүн эч бир жашоодо жакшылык корбой өтсүн Куранды ким өртөсө
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: