Чет өлкөгө экспорттолот. Кочкор районунда бут кийим чыгаруучу ишкана ачылды





















Нарын облусунун Кочкор районунда "Жибек Жолу" аталышындагы бут кийим чыгаруучу ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана толугу менен кытайлык инвесторлордун каражатына курулган. Анын курулушуна жалпы 2 миллион доллар инвестиция салынса, алдыдагы оңдоп-түзөө жана товар жүгүртүү иштерине кошумча 500 миң доллар акча жумшалат.
Учурда ишканада күнүнө 1 линия менен күнүнө 2 миң даана спорттук бут кийим тигилүүдө. Ишкана болжол менен бир айда 60 миң, бир жылда 720 миң жуп бут кийим тигип чыгарат. Бут кийим тигүү үчүн чийки заттар Кытайдан алынып келинет. Ал эми Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция Орусияга экспорттолот.
Азыркы тапта бул жайда күнүнө 1000 сом маяна алып, 63 кызматкер эмгектенип жатат. Алардын 17си кытайлык адистер болсо, калган 46 жумушчу жергиликтүү тургундар. Ушул жылдын аягына чейин дагы 2-3-линиялар ишке кирип, жумуш орундардын санын 2-3 эсеге көбөйтүү пландалууда.
Ишкананын ачылыш аземинде облус жетекчиси Алтынбек Эргешов ишкананы ачкан кытай инвестору Тцао мырзага ыраазычылык билдирип, жергиликтүү тургундарды куттуктады.
“Кичинеби, чоңбу, ар бир ишкананын ачылышы биз үчүн абдан маанилүү. Себеби ар бир ишкана экономикабызга, ички дүң продукциябызды өндүрүүгө, жумуш орундарынын пайда болушуна салымын кошот. Мындан ары инвесторлорго болгон мамиле таптакыр бөлөк болот. Бийлик менен инвестордун ортосунда ортомчулар болбойт. Бул азыркы бийликтин иштөө принциби. Биз ички инвестор келеби, тышкы инвестор келеби бардык шарттарды түзүп бергенге аракет кылабыз. Иштебеген адамда гана кемчилик болбойт. Эгер инвесторлордон кемчилик кетсе, оозеки да, жазуу түрүндө да кайрылалы. Ошонун баарына болбосо анан чара көрөбүз. Бул Президентибиздин талабы. Биз инвесторлордон таза, ачык иштөөлөрүн, тиешелүү төлөмдөрдү убагында төлөөлөрүн гана талап кылабыз”, - деп белгиледи ал.
Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор райондук бөлүмүнүн башчысы Нурлан Абакиров билдиргендей, ишканадан айына болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде киреше салыгы түшөт. Ошондой эле социалдык фондго төлөмдөр төлөнөт. Аталган ишкана Нарын Эркин экономикалык аймагынын субьектиси болуп эсептелет.

