super.kg logo

Бишкектин "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери маяна боюнча нааразычылыгын билдиришти

 
Бүгүн, 1-августта Бишкектин "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери маяна боюнча нааразы болуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында акция уюштурушту. Бул тууралуу 24.kg жазып чыкты.
Маалым болгондой, министрликтин алдына чогулган Медициналык тез жардам борборунун кызматкерлери айлык акыны көтөрүүнү талап кылышкан.
Буга чейин Кыргызстан медицина профсоюзунун өкүлү Бермет Барыктабасова социалдык тармактагы баракчасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын жүздөгөн адистери эмгек акынын аздыгы боюнча нараазычылык акциясына чыга турганын жазган.
"Кыргызстандын Медицина профсоюзу медицина кызматкерлеринин маянасы жана аларга карата зомбулук мамиле боюнча көйгөйдү бир нече ирет көтөрүп чыккан. Бизге белгилүү болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки жумушчу тобу дарыгерлердин эмгек акысын кайра эсептөө маселесин көптөн бери карап келет. Орто медициналык персоналды кайра эсептөө буга чейин жүргүзүлгөн. Ал ишке ашууда, калгандары ишке аша турган этапта", - деп жазган Барыктабасова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: