"Тез жардам" кызматкерлеринин нааразычылыгы боюнча борбордун башчысы жооп берди
Бүгүн, 1-августта Бишкектин "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери маяна боюнча нааразычылык акциясын уюштурганы боюнча Тез жардам борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов билдирүү таратты. Билдирүүнү Шаяхметов Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фейсбуктагы түз эфири учурда маалымдады.
Шаяхметов кызматкерлердин нараазычылык акциясы тууралуу алгач Facebook баракчасынан уккан. Анын айтымында, кызматкерлер маселени чечпей туруп, министрликтин имаратынын алдында акция уюштурушкан.
"Тез жардам кызматкерлеринин эмгек акысы канча экени белгиленген, бирок ЭКК (эмгекке катышуу коэффициенти) үчүн да төлөмдөр бар жана ал ай сайын өзгөрүп турат. ЭКК эмгек акынын топтоо фондусунан түзүлөт. Жай мезгилинде көптөгөн кызматкерлер эмгек өргүүсүнө чыгышат. Клиникалык ординаторлор, толук эмес жумуш күн менен иштегендер жумуштан кетип жатышат, ошондой эле убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы да бар. Кадрлар жана бухгалтерия бөлүмүнөн мен сураган анализ боюнча 1-августка карата бизде 160 кызматкер, алардын ичинен 84 кызматкер эмгек өргүүсүнө чыккан, 36 жумушчу ооруп калган жана 17 кызматкер жумуштан кеткен.
Эмгек өргүүсүнө чыккандарга 2 миллион 300 миң сом, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасына 330 миң сом жумшалган, андан сырткары компенсациялар дагы бар. Жогоруда айтканымдай, ЭКК эмгек акынын топтоо фондунан түзүлөт. Ал эми 3 миллион сомду алып салганда, албетте, ЭКК төмөндөйт",- деди Шаяхметов.
Ошондой эле Тез жардам борборунун жетекчиси кызматкерлерине май айынан август айына чейин ЭКК азая турганын, ал эми сентябрдан баштап жогорулай турганын маалымдаганын кошумчалады.
Мындан сырткары Шаяхметов иштеген сааттын саны да эмгек акынын өлчөмүнө таасир этерин билдирди.
"Эгер кызматкер бир айда көбүрөөк, экинчи айда азыраак иштесе, анда айлык акысы ошого жараша өзгөрөт",- деди ал.
Эске салсак, бүгүн, 1-августта Бишкектин "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери маяна боюнча нааразы болуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында акция уюштурушкан.

