Бишкек-Ош жолундагы жаңы тоннель жарым-жартылай пайдаланууга берилди (сүрөт)





Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы көчкүдөн сактоочу галерея жарым-жартылай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сентябрь айында объектти толук пайдаланууга берүү пландалууда. Кар көчкүдөн коргоочу галереянын бийиктиги 8,6 метр, туурасы 10,5 метрди, ал эми жалпы узундугу 460 метрди түзөт.
"Бүгүн, 1-августта жаңы тоннель аркылуу унаалар өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу айланып өтүүчү жолду (эски жолду) жабуу иштери башталды. Жарым-жартылай ачылган тоннелдин расмий ачылышы кийинчерээк болот. Подрядчы калган бардык жумуштарды бүтүрүү аракетинде жана долбоордун толук бүтүшүнө даярдык көрүүдө.
Курулуш иштери 2019-жылы башталган, бирок 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам жумуш токтотулган. 2021-жылдын апрель айында участоктогу бардык иштер кайра жанданган. Учурда долбоордун толук аякташына даярдыктар көрүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Министрлик курулушка каражатты (4,288,000,000 япон йени) япон өкмөтү гранттык макулдашуунун негизинде бөлгөнүн кошумчалады.
кошулду




1 |