Блогер Эртай Искаков менен Селекция айылынын эки тургуну камакта калтырылды
Блогер Эртай Искаков менен Селекция айылынын эки тургуну 15-сентябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-августта Чүй облустук соту таза суу талап кылган акцияга байланыштуу кармалган Эртай Искаковдун, Бакыт Балбаевдин жана Бактыбек Бекболотовдун апелляциялык арызын карап, аларды камакта калтырган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Эске салсак, 14-июлда Селекция айылынын тургундары таза суу маселесин чечип берүү талабы менен Түштүк магистраль көчөсүн тосушкан.
Милиция 15-июлда нааразычылык акциясына катышкан бир нече кишини суракка чакырып, алардын ичинен митингди Инстаграм аркылуу түз эфирден чагылдырган блогер Эртай Искаковду, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алган. Аларга "жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган" деген беренелер боюнча иш козголгон.
Сокулук райондук соту 17-июлда алардын бөгөт чарасын карап, үчөөнү тең эки айга тергөө абагына камакка алган. Мындан кийин алар Чүй облустук сотуна даттанышкан.
Айыпталгандардын тарапташтары, жактоочулары коюлган айыптарды четке кагып, кармалгандар бошотулушу керектигин айтып келет.

