"Күнөөлүүлөр жазаланат". "Ай Кью" мектебинин 84 бүтүрүүчүсүнө аттестат берилмей болду
Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ай Кью" мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров укук коргоо органдарына жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга бул ишке жол берген адамдарды тез арада аныктап, жоопкерчиликке тартууну тапшырды.
"Мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында Билим берүү тутумунун лицензиялык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү чечимдердин долбоорлорун министрлер кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Токмок шаарындагы жеке менчик "Ай Кью" мектебинин быйылкы жылдагы 84 бүтүрүүчүсү азыркы күнгө чейин аттестат ала албай келет. Аталган окуу жайдын экстернаттык түрдө окутууга лицензиясы жок экендигин 14-июлда билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирген.
"Мектеп 84 окуучуну эч кандай лицензиясы жок эле окутуп келген. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги аларга аттестат бере албайт жана аталган окуучулар жогорку окуу жайларга азырынча документ тапшыра алышпайт.
Мындан тышкары "Ай Кью" мектеби 2 классты бир жылда бүтүрүү үчүн 84 окуучунун ата-энесинен жалпы 6 миллион сом өлчөмүндөгү каражат чогултуп алган. Тактап айтканда, ар бир ата-эне 60-75 миң сомдон берүүгө мажбур болгон", - деди ал.

