super.kg logo

Исландияда Фаградальсфьядль жанар тоосу үч жумадан бери атылып жатат (видео)

 

Исландияда Фаградальсфьядль жанар тоосу үч жумадан бери атылып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жанар тоонун очогу өлкөнүн борбору Рейкьявиктен 40 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан.

Учурда жанар тоонун активдүүлүгү өлкөнүн ичиндеги маанилүү инфраструктурага жана аба кыймылына эч кандай таасирин тийгизбей турганы айтылууда. Себеби буга чейин 2010-жылы Исландияда жанар тоолордун биринин атылуусунан Батыш Европадагы дээрлик бардык аба кыймылы токтотулган болчу.

Исландия бийлиги жарандарды жанар тоого жакын аймакта жанар тоо газдары чогулуп калышы мүмкүн деп түшүндүрүп, окуя болгон жерге барбоого чакырууда.

Белгилей кетсек, Фаградальсфьядль жанар тоосу акыркы үч жылда үчүнчү жолу атылып жатат. Жанар тоо акыркы жолу 10-июлда атылган, ага чейин өткөн жылдын августунда жана 2021-жылдын сентябрында активдешкен. Фаградальсфьядль жанар тоосу 2021-жылга чейин 800 жыл бою "активдүү эмес" фазада болгон.






Исландияда Фаградальсфьядль жанар тоосу үч жумадан бери атылып жатат.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: