"КРнын судьясынын отставкага чыгуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыкка кол коюлду
11-декабрда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын судьясынын отставкага чыгуусунун, болуусунун жана токтотуусунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыкка кол койду.
Жобо Кыргызстандын бардык судьяларына колдонулат жана судьянын отставкага чыгуусунун, отставкада болуусунун жана отставкада болушун токтотуунун тартибин аныктайт. Судьянын отставкага чыгуусунун жана отставкада болушун токтотуунун маселелери КРнын Судьялар кеңеши тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн жободо жана Судьялар кеңешинин регламентинде каралган тартипте ишке ашат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

