super.kg logo

Бишкек менен Чүйдөгү 10 бейтапканага заманбап медициналык жабдуулар келет

 

Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапканага заманбап медициналык жабдуулар келет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров кечээ, 1-августта Эрнст Акрамов атындагы Чүй облустук бириктирилген ооруканасында болуп, бейтапкананын техникалык абалы менен таанышты.

"Депутат аталган мекемеде Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жана Япониядан келген медициналык консультанттар менен жолугушуу өткөрдү. Анда буга чейин кол коюлган меморандумдун алкагында 7,5 миллион долларга саламаттык сактоо тармагына заманбап диагностикалык жабдууларды гранттык негизде берүү тууралуу сөз болду. Маалым болгондой, Япониядан келген адистер Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапкананы кыдырып, зарыл болгон медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп чыгышкан. Заманбап жабдуулар толугу менен 2024-жылдын аягы, 2025-жылдын башында келиши күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде эл өкүлү Талайбек Масабиров JICA агенттигине жана аталган өлкөдөн келген медицина тармагы боюнча адистерге ыраазычылыгын билдирип, алдыда дагы бир топ долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу максатын айтты.

Ал эми Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки калк үчүн маанилүү болгон гранттык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бөлүп, көмөк көрсөтүп жаткан Талайбек Масабировго ыраазычылыгын айтты.

Жолугушуунун соңунда депутат япониялык коноктор менен биргеликте Чүй облустук оорукананын аты ыйгарылган профессор Эрнст Акрамов менен баарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: