super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин Өзбек лигасындагы алгачкы беттешин жеңилүү менен баштады

 

Футбол боюнча Улуттук курама команданын мурдагы машыктыруучусу Александр Крестинин Өзбекстандагы алгачкы беттешин жеңилүү менен баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн спорт басылмалары жазды.

Маалымдалгандай, өзбекстандык "Бунёдкор" клубу жайкы тыныгуудан кийин 30-июль күнү өз үйүндө "Согдиананы" кабыл алды. Оюн 0-2 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады. Бул Крестининдин "Бунёдкорго" машыктыруучу болуп дайындалгандан берки алгачкы беттеши болчу.

Учурда Крестининдин командасы 16 упай менен турнирдик жадыбалда 9-орунда турат. Команда акыркы 5 беттештен бери бир дагы жолу жеңишке жетише элек.

Эске салсак, Александр Крестинин 10-июнда "Бунёдкор" клубуна машыктыруучу болуп дайындалган. Клубдун директору Мурод Алиев "Чемпионат Азия" басылмасына берген маегинде, Александр Крестининге алдыңкы 6 ай ичинде клубдун Супер Лигадагы абалын жакшыртуу керек деген чоң тапшырма жүктөлүп жатканын белгилеген. Ал ошондой эле Крестининдин Кыргыз улуттук курама командасындагы жетишкендиктерин баалап, ал бир канча машыктыруучунун арасынан атайын тандалып алынганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: