super.kg logo

Кытайда акыркы 140 жылда болуп көрбөгөндөй нөшөрлөп жамгыр жаады (видео)

 

Кытайда акыркы 140 жылда болуп көрбөгөндөй катуу жаан жаады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн метеорологиялык борбору билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 29-июлдан 2-августка чейин Кытайдын борбору Пекин шаарында экстремалдуу аба ырайы катталып, нөшөрлөгөн жамгыр жааган. Баш калаанын түндүгүндөгү Чанпин районуна түшкөн жаан-чачындын көлөмү 744,8 миллиметрге жеткени кабарланды. Мындай көрүнүш акыркы 140 жылдан бери каттала элек болчу. Тактап айтканда, 1891-жылдын июль айында 609 миллиметрге жеткен жамгыр бүгүнкү күнгө чейин рекорддук көрсөткүч катары сакталып турган.

Интернетте тараган видеолордо катуу нөшөрдөн улам Пекиндин көчөлөрү сууга толуп, күчтүү ташкын унааларды агызып баратканын көрүүгө болот. Расмий маалыматтарда жаратылыш кырсыгы 11 адамдын өмүрүн алганы айтылууда. Дагы 27 адам дайынсыз жоголгону кабарланды. 3 күнгө созулган нөшөрдө жалпы 14 райондо 45 миңге жакын адам жабыркаганы маалым болду.






Кытайдагы катуу нөшөр

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: