super.kg logo

 Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгине мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жаран аныкталды

 

Ошто мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүнүн 52 дарегинде У. Белекбаев аттуу жаран өз билемдик менен Ак-Буура дарыясынын жээгинде таш бетондон уруксатсыз курулуш жүргүзүп жаткандыгы аныкталды.

Ага ылайык, жер тилкеси Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагы болуп, курулушка тиешелүү архитектуралык уруксат иш кагаздары жок болуп чыкты.

Мындан улам курулуш жүргүзүп жаткан жеке тарапка өз эсебинен бир күн аралыгында бузуп салуу милдеттендирилди.

"Эгер белгиленген мөөнөттө курулуш бузулбаса, анда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бузулуп, калыбына келтирилет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: