БШК Жаныбек Абировду талапкер кылып каттоодон баш тартты
Бүгүн, 2-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Жаныбек Абировду Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
Маселе жыйында каралып, жумушчу топ Абиров депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда өз каалоосу менен тапшырганын, анын ордуна шайлоо өтүп жаткандыктан катыша албасын белгиледи.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкер аталган чечимге каршы болбосо, сотко даттанууга укуктуу экенин белгиледи.
Эске салсак, аталган округдан депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.
Мындан улам №26 Ленин бир мандаттуу округунда кезексиз шайлоо дайындалып, 28-майда өткөн. Бирок эки талапкер добуш сатып алууга айыпталып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Андан соң кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

